Прокуратура кызматкерлери өлкө боюнча балдар үйлөрүнө жардам көрсөттү

Коом 378 01 Июнь 2026 17:20
713144813_1313827297602986_154746304346721935_n.jpg
711737704_1313827300936319_5814953863352034002_n.jpg
711967207_1313827380936311_4008341533640698899_n.jpg
712179588_1313827434269639_7397923992680475877_n.jpg
712430755_1313827334269649_8715984403830100316_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматкерлери өлкө аймагында кеңири масштабдуу кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүштү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Акциянын алкагында прокурорлор ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, балдар үйлөрүнүн, интернаттардын жана атайын мекемелердин тарбиялануучуларына колдоо көрсөтүштү.

Башкы прокуратуранын кызматкерлери көп жылдан бери камкордукка алып келген Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык мекемесине барып, бул жолу биринчи керектелүүчү буюмдарды, атайын коляскаларды, манеждерди жана тиричилик эмеректерин тапшырышты.

Мындан тышкары, республиканын бардык облус, райондорунда прокуратура кызматкерлери жер-жерлердеги адистештирилген балдар борборлоруна барып, майрамдык маанай жана белектерди тартуулашты.