Президенттин тапшырмасы: Кыргыз жарандарын мекенге кайтаруу иштери уланууда

Коом 14 Март 2026 11:30
c719ac53-6c47-3140-be96-f0bf4ce0f048 (1).jpg
b4b40838-ed4d-327f-899b-b16434674be8.jpg
5c559fb2-7f0f-38af-a249-6641b5419881.jpg
0ca397b8-f98c-31a1-8803-1942b716fd6b.jpg
ee18660c-8290-3a33-a965-7c4f6e3a800a.jpg
4303ee16-0e0a-3bda-84e8-3ccf92e553a3.jpg
69449eec-a3e8-3341-9f52-10bd3693f013.jpg
55ebe398-6bb6-3483-8fee-2eec964e412b.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 14.03.26. /Кабар/. Кыргыз жарандарын мекенге кайтаруу иштери уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында, министрлик тарабынан Кувейт , Бахрейн жана Катардын аймактарындагы Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги атайын эвакуациялык авиакаттам уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Эвакуациянын биринчи этабында, жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксаттар алынган. Күн мурун, 13-мартта жарандар Эль-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобустар менен Эр-Рияд шаарына багыт алды.

Эвакуация процесси аяктап, жарандар мекенге кайтып келгенден кийин ТИМ кошумча маалымат берет.