Бишкек, 23.02.26 /Кабар/. Бишкек шаарында президенттин Иш башкармалыгына караштуу Клиникалык ооруканасы 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүн белгилеп, анда эмгектенип жаткан жалпы мырзаларды куттуктады.
Салтанаттуу иш-чарада оорукананын башкы дарыгери Жумагүл Оморова куттуктоо сөзүн айтып, симфониялык оркестрдин коштоосунда чакан номерлер тартууланды.
Эмгек жамаатта жалпысынан 50дөн ашуун дарыгер мырза бар. Ооруканын 93 жаштагы эң улуу, ардагер терапевт дарыгери Асан Жайлообаев. Ал аталган ооруканадагы эмгек жолун 1986-жылы баштап, 19 жыл башкы дарыгер болуп иштеген.
Бүгүнкү күндө ал эмгек жамаатка жана жаш дарыгерлерге насаатын айтып, тажрыйбасы менен бөлүшүп, чакыруу менен айрым бейтаптарга келип консультация берип турат.