Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында президент Садыр Жапаровдун алгачкы мугалими Кеңешкан Шаменова менен болгон жолугушуусун бөлүштү.
Эл өкүлү ардактуу насаатчынын батасын алуу үчүн Ысык-Көл облусунун Жылуу-Булак айылына атайын барган. Кеңешкан Шаменова жашынын өйдөлөп калганына карабастан, тың, акылы тунук жана өлкөдөгү окуялардан кабардар.
Мамлекет башчысынын мектеп жылдарын эскерип жатып, мугалими Садыр Жапаровдун бала кезинен токтоо мүнөзү жана жаңы билимди тез өздөштүргөн зээндүүлүгү менен айырмаланганын белгиледи. Бирок, баарынан да анын адилеттүүлүккө болгон өзгөчө сезими эсинде калганын айтты.
Садыр Жапаровду үч жыл бою окуткан Кеңешкан апа окуучусу президент болгондон бери жеке жолуга электигин, бирок ал үчүн дайыма чын дилинен ийгилик тилеп турарын айтты.
Табылды Муратбеков мындай жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгилеп, агартуучулардын акыл-насааты жана батасы азыркы муун үчүн чоң таяныч экенин баса белгиледи.