Президенттин атын жамынган шылуундар: Алдамчылардан кантип сактануу керек?

Коом Загрузка... 24 Декабрь 2025 18:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Ички иштер министрлиги президенттин атынан жасалма шилтемелер тарап, ага алданып калбоону эскертти.

Мессенджерлерде жана социалдык тармактарда «Президент Sadyr Japarov 20 000 som rostmas акча грантты үчүн Kyrgyzstan…» аталышындагы шилтеме таркатылууда. Анда шилтеме аркылуу өтүү сунушталат.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын президенти жана мамлекеттик органдар акчалай «гранттарды» же «белектерди» сайттар, шилтемелер, WhatsApp, Telegram же социалдык тармактар аркылуу таратпай тургандыгын эскертет.

Мындай билдирүүлөрдүн максаты - жарандардын жеке маалыматтарын, аккаунттарына же банктык карталарына мыйзамсыз жетүү.

️Маанилүү маалымат:

  • мындай шилтемелерге өтпөңүз;
  • ЖАКН (ИИН), паспорттук маалыматтарды, банктык карта номерлерин жана SMS-коддорду киргизбеңиз;
  • «мен алып койдум», «шашылыш», «бир гана бүгүн» деген сөздөр — алдамчылыктын классикалык белгилери;
  • маалыматты расмий булактардан гана текшериңиз.

Эгерде сиз шилтеме аркылуу өтүп же жеке маалыматтарыңызды киргизип койсоңуз - дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз, 102 номерине чалыңыз.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз. Шылуундар жарандардын ишенимине таянып иш алып барышат.