Президенттин атын жамынган алдамчылардан сак болуңуз – Алагөзов

Коом 24 декабрь 2025 15:02
419223361_6994996843901830_872113870825043915_n.jpg
602919523_25326310247010544_6161440121461278765_n.jpg
Алдыга
Артка
419223361_6994996843901830_872113870825043915_n.jpg
602919523_25326310247010544_6161440121461278765_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атын жамынган алдамчылардан сак болууга чакырды.

Анын маалыматына караганда, социалдык тармактарда жана мессенжерлерде президенттин атынан жүргүзүлүп жатат делип, акчалай төлөмдөр убада кылынган сурамжылоолор тууралуу жалган маалыматтар жана шилтемелер таратылууда.

"Мамлекет башчысы эч качан мындай билдирүүлөрдү жайылтпайт жана шектүү интернет-акциялар аркылуу акча таратпай турганын расмий түрдө билдиребиз. Бул кадимки эле алдамчылык.

Бардык жарандарды өтө сак болууга чакырабыз: белгисиз шилтемелерди ачпаңыздар, алдамчыларга жеке маалыматтарды, банк карталарынын же телефондордун номерлерин бербеңиздер жана мамлекеттин атынан берилет делген жалган төлөмдөргө ишенбеңиздер.

Сураныч, бул алдоо схемасы жөнүндө туугандарыңыздарга жана досторуңуздарга эскертиңиздер. Расмий билдирүүлөргө гана ишениңиздер!

Бул факт боюнча укук коргоо органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат", - деди ал.