Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн 81 жалпыга маалымдоо каражатын аккредитациядан өткөрдү.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, алардын 19у басылма, 22си телерадио уюм, 13ү радио жана 27си интернет-басылма.
Аккредитациядан өткөн ЖМКлар талапкерлердин үгүт иштерин мыйзам талаптарына ылайык, так жана калыс чагылдырууга милдеттүү.