Президенттик балатыга катышуу мен үчүн чоң сыймык – Тогуз-Тородон келген окуучу

Коом Загрузка... 19 Декабрь 2025 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. Президенттик балатынын катышуучусу Бактыбек Шакиретов Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Бирлик айылынан келген. Бул майрамдык иш-чарага катышуу ал үчүн чоң сыймык жана кубаныч экенин “Кабар” агенттигине билдирди.

“Мен №6 Бирлик орто мектебинде 8-класста окуйм. Президенттик балатыга биринчи жолу катышып, кубанып турам”, — деди окуучу.

Ошондой эле ал мектептеги ийгиликтери жана келечектеги пландары менен бөлүшө кетти.

“Ийгиликтер эмгектин аркасы менен келгендиктен, жакшы бааларды алып, мектептеги жана райондук иш-чараларга активдүү катышам. Быйылкы жылдан тарта олимпиадаларга катыша баштадым. Алдыда англис тилинен катышып, өз күчүмдү сынап көрүүнү пландап жатам. Андан сырткары, воллейбол ойнойм.

Коомдо болуп жаткан адам укуктарынын бузулушу, басмырлоолор мени ойго салат. Андыктан, мен келечекте юридикалык билим алып, юрист болууну каалайм”, — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында балдарга арналган президенттик балаты майрамы өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген кенже жана мектеп курагындагы балдар катышып, театрлаштырылган музыкалык спектаклге күбө болушуп, атайын белектерди алып кетишти.