Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. "Кыргызкөмүр" ААК быйыл күз-кыш мезгилине Кара-Кече көмүр кенинен 1,5 млн тоннага жакын көмүр даярдоону пландоодо. Бул тууралуу ишкананын башкы директору Рустамбек Садыралиев "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, июль айынан сентябрга чейин 388 миң тоннага жакын көмүр казып алынды. Дагы 1 млн 135 миң тоннага жакын көмүр жөнөтүлүшү керек. Учурда кенде 300 миң тоннадан ашык көмүр казылып, жүктөөгө даярдалды.
"Кара-Кече кенинде көмүр жетиштүү. Көмүрдү базаларга жеткирүү жеке ташуучулар тарабынан жүргүзүлөт. Ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү калктын суроо-талабына жараша өзгөрөт", — деди Садыралиев.
Ишкананын жетекчиси жарандарды суук түшкөнгө чейин көмүр камдап алууга чакырды. Анын айтымында, суук түшкөндө суроо-талап жана транспортко болгон жүк көбөйөт.
Көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленип, аймакка чейинки аралыкка жараша болот. Учурда Бишкек шаарындагы базада көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон сатылууда.