Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Ошто төрт эмдүү болгон үй-бүлөгө президент Садыр Жапаровдун атынан Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир белекке берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Батирдин ачкычын президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев менен Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тапшырды.
Батир жаш наристелер үчүн ыңгайлуу шарттар менен толук камсыздалган. Керектүү балдар керебеттери жана коляскалар да тапшырылды. Бул колдоо мамлекет тарабынан үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу жана наристелердин келечегине кам көрүү максатында көрсөтүлдү.
Шаар мэри өлкө башчысынын атынан жаш үй-бүлөнү куттуктап, наристелерге бекем ден соолук жана узак өмүр каалады. Өз кезегинде төрт эмдин ата-энеси көрсөтүлгөн камкордук үчүн президентке терең ыраазычылыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында Араван районунун 26 жаштагы тургуну Дилшода Артыкова бир уул, үч кыз төрт эмди жарык дүйнөгө алып келген.