Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ымыркайлардын үчөө кыз, бирөө уул. Алардын салмагы: кыздардыкы — 1830, 1520 жана 1500 грамм, ал эми уулдуку — 1815 грамм болгон.
Араван районунун 26 жаштагы тургуну ооруканага кош бойлуулуктун 32-жумасында, мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу менен түшкөн. 12-март күнү дарыгерлер кесарево жолу менен төрөттү кабыл алышкан. Бул келиндин алгачкы төрөтү.
Оорукананын директору Атабек Жумалиевдин айтымында, учурда эненин жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Аларды ооруканадан чыгаруу 23-мартка пландалууда.