Президент Садыр Жапаров бүгүн БУУда сөз сүйлөйт

Президент 22 сентябрь 2026 21:00
801008873_1681274340673860_5085183171841861867_n.jpg
795430161_1681274390673855_5163224456591658490_n.jpg
Алдыга
Артка
801008873_1681274340673860_5085183171841861867_n.jpg
795430161_1681274390673855_5163224456591658490_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты.

Дебаттар ачылышына дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда.

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Президенттин кайрылуусу бүгүн кечинде, Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 21:00–22:00дө күтүлүүдө.

Түз эфирди УТРК каналынан жана социалдык тармактардагы баракчалардан көрүүгө болот.