Президент Кытай менен кызматташууга каршы пикирлерге жооп берди

Саясат 175 14 Август 2026 10:50

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Кыргызстан Кытай менен кызматташууда анын технологияларын алып, инвестиция тартууга басым жасашы керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы Кытай менен кызматташууга байланыштуу коомдогу айрым сын-пикирлерге токтолуп, темир жол, көпүрө жана жол сыяктуу инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына тоскоолдук болбошу керектигин белгиледи.

Садыр Жапаров Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводду Кытай менен кызматташуунун мисалы катары келтирди.

Анын айтымында, заводдун курулушуна 550 кытай жараны тартылып, учурда ишкананы иштетүүгө 5 гана кытай адиси калган. Алар жергиликтүү кызматкерлерди окутууда. Үйрөтүп бүткөн соң кетишет.

Президенттин белгилешинче, завод таштанды көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүү менен бирге 30 МВт электр энергиясын өндүрөт.

"Кыргызстан технология жана инвестиция жагынан Кытайдын тажрыйбасын пайдаланышы керек. Кыргызстан Кытай менен коңшулаш болгондуктан, эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көп. Кытайдан биз 100 жыл артта калып калбадыкпы. Эми эң болбогондо алдыда келе жаткан 20 жылда кубалап жетип алалы", - деди президент.

Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн экономикалык жана технологиялык жактан артта калбашы керектигин белгиледи.