Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында сүйлөгөн сөзүндө дүйнөнүн айрым аймактарында согуштар жана гуманитардык кризистер уланып жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы Украина, Иран, Судан жана Палестинанын айланасындагы окуялар эл аралык процесстердин татаалдыгын көрсөтүп жатканын айтты.
”Кыргызстан чыр-чатактарды диалогдун жана тынчтык жолу менен чечүүнүн күчүнө ишенген өлкөбүз”, — деди Садыр Жапаров.
Президент ошондой эле Кыргызстан көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн алкагында медиатордук ишти аткарууга даяр экенин билдирди.