Бишкек, 26.07.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 25-июлда Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди.
Андан соң ал жаңы станциянын имаратын көрүп чыгып, анын инфраструктурасы менен таанышты.
Мындан кийин Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул күн эгемендүү Кыргызстандын тарыхына дагы бир маанилүү этап катары кирерин белгиледи.
“Биз бул жолду өзүбүз куруу менен темир жол куруу маданиятыбызды,инженердик мүмкүнчүлүгүбүздү жана кесиптик тажрыйбабызды кайра жандандырдык десек болот.
Бул биздин өлкө өз алдынча ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү экенин далилдеген тарыхый жетишкендик болуп саналат”, - деди мамлекет башчысы.
Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор тилкеси Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол линиясын куруу долбоорунун биринчи этабы болуп калды.