Тарыхый окуя: Балыкчы – Кочкор темир жолу жана Кочкор станциясы ачылды

Президент 872 25 Июль 2026 23:05
757040091_1623702606431034_7243749975565665575_n.jpg
753933003_1623700919764536_6539913449840708110_n.jpg
757507336_1623702533097708_2061213924341908503_n.jpg
755171226_1623700716431223_2007324565444363443_n.jpg
753418484_1623702466431048_355370840904445264_n.jpg
755809892_1623701316431163_8925735288033774676_n.jpg
754497352_1623701273097834_1149556718038817927_n.jpg
753707280_1623701583097803_8751114862871306144_n.jpg
754097423_1623701063097855_5942230068979277573_n.jpg
756807384_1623702543097707_2006080857659327401_n.jpg
752488736_1623701509764477_46608938884900161_n.jpg
755946705_1623701566431138_212893840475811919_n.jpg
753933146_1623702413097720_7547053350049914916_n.jpg
753343757_1623700903097871_1537142013101485254_n.jpg
756227113_1623701199764508_1655383702634290873_n.jpg
754109701_1623701039764524_7148483573525438881_n.jpg
756341950_1623701159764512_5559618306492689484_n.jpg
751764805_1623700969764531_3021967647513191928_n.jpg
755872138_1623701123097849_5078743962712354014_n.jpg
749878608_1623701456431149_624223521131613930_n.jpg
754536145_1623702633097698_921228751043257057_n.jpg
752659039_1623701339764494_1959218951202197464_n.jpg
753833380_1623700986431196_4213339983304909049_n.jpg
755872154_1623702406431054_1844629465201272286_n.jpg
756339082_1623701439764484_7299528474340318926_n.jpg
756436681_1623700799764548_2641358999981772403_n.jpg
753707289_1623702443097717_142100772112520007_n.jpg
756339039_1623701226431172_4597497786942092338_n.jpg
751764803_1623701486431146_1849289446854817102_n.jpg
754202288_1623702559764372_2014932927309457452_n.jpg
756699570_1623701393097822_4140800383583665226_n.jpg
753267417_1623700786431216_5213822823473185386_n.jpg
756042863_1623700713097890_5299299230992814460_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.07.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди.

Андан соң ал жаңы станциянын имаратын көрүп чыгып, анын инфраструктурасы менен таанышты.

Мындан кийин Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул күн эгемендүү Кыргызстандын тарыхына дагы бир маанилүү этап катары кирерин белгиледи.

Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор тилкеси Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол линиясын куруу долбоорунун биринчи этабы болуп калды.

“Баарынан мурда, бул темир жолду биз өз күчүбүз менен куруп жатканыбызды өзгөчө белгилегим келет. Курулуш учурунда болжол менен 1 млн куб метр жардыруу иштери жүргүзүлүп, 8 км тоо тилкеси тазаланды.
Жолдун өзүнүн курулушуна 1 км үчүн 955 миң АКШ доллары сарпталды”, - деди президент.

Салыштыруу үчүн ал чет өлкөлүк компаниялар сунуштаган - бир чакырымына 4,8 миллиондон 6,8 миллион АКШ долларына чейинки курулуш наркын келтирди.

“Мунун өтө кымбат экенин түшүнүп, тобокелчиликке барууну чечтик жана “Жолду баскан арбытат” деген принцип менен ишти өзүбүз колго алдык.
Бул жерде Түндүк - Түштүк альтернативдүү жолуна байланыштуу дагы бир салыштыруу келтирсе болот. Узундугу 433 чакырым болгон Балыкчы — Жалал-Абад жолунун долбоорунда бир чакырымдын баасы 2,5 миллион доллар деп көрсөтүлгөн.
Бирок ошентсе да бул жол аягына чыкпай бүгүн да толук пайдаланууга берилбей турат.
Албетте, бул сумманын жарымынан көбү уурдалып кеткен”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал негизи темир жол менен авто жолду салыштырып болбой турганын - темир жол кымбат жана татаал курулуш экенин айтты. Бирок бардык кыйынчылыктарга карабай, темир жолдун бир чакырымы кыйла арзан курулду.

“Биз бул жолду өзүбүз куруу менен темир жол куруу маданиятыбызды,инженердик мүмкүнчүлүгүбүздү жана кесиптик тажрыйбабызды кайра жандандырдык десек болот.
Бул биздин өлкө өз алдынча ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга
жөндөмдүү экенин далилдеген тарыхый жетишкендик болуп саналат”, - деди мамлекет башчысы.

Ал 2022-жылдын 31-мартында, “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун курулушуна старт берилип, келечек муундар үчүн мезгил кутучасы салынганын эске салды.

“Ал кезде көптөр бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашарынан күмөн санашкан. Бирок бүгүн биз ошол тарыхый чечимдин туура болгонун сыймыктануу менен айтып да, далилдеп да келе жатабыз”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Бул иш чоң мээнетти талап кылып, темир жол куруу иштери бир катар татаал участоктордо: саздуу аймактарда, аскалуу жерлерде, Орто-Токой суу сактагычынын жанында, иштеп жаткан унаа жолдорунда жана инженердик коммуникацияларда жүргүзүлгөнү өзгөчө белгиленди.

Президент экономикалык жагына өзгөчө көңүл бурду.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жүк ташуулардын көлөмү дээрлик 11 млн тоннага жетип, 2021-жылдагы 7 млн тоннага салыштырганда 36 пайызга өстү.
Бул – ата мекендик темир жол тармагынын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири.

Ошол эле мезгилде жүргүнчүлөрдүн саны да олуттуу өсүп, 2021-жылдагы 255 миң адамдан 2025-жылы 432 миң адамга жетти.
Көрсөткүч 69 пайыздык өсүштү түздү.

“Мындай ыргак темир жол тармагындагы иштин натыйжалуулугу улам артып жатканын, жарандардын бул транспорттун түрүнө болгон ишеними күчөгөнүн жана өлкөнүн транспорт системасындагы ролу кеңейип жатканын айгинелейт”, - деди президент жана жакында эле Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна старт берилгенин эске салды.

Садыр Жапаров ошондой эле келечекте “Кочкор – Кара-Кече – Макмал” темир жолунун курулушу башталарына токтолду. Бул стратегиялык долбоор өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн темир жол аркылуу бириктирип, Кара-Кече көмүр кенин өндүрүш борборлору менен байланыштырып, Кыргызстандын ички жүк ташууларын жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрөт.

Ошондой эле бул долбоорлордун мультипликативдик таасири өзгөчө белгиленди. Бул ири инфратүзүмдүк долбоорлор Кыргызстандын ички темир жол тармагын бирдиктүү системага айландырууга, транспорттук байланыштарды чыңдоого, аймактардын экономикалык интеграциясын тереңдетүүгө, ошондой эле өнөр жайдын, туризмдин жана логистиканын туруктуу өнүгүшүнө чоң түрткү берет.

“Келечекте бул багыт дүйнөлүк мааниге ээ болгон “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан”эл аралык темир жол коридоруна кошулат. Натыйжада Кыргызстан континенттерди байланыштырган стратегиялык транспорттук түйүнгө айланып, өлкөбүздүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, экспорт өсүп, жаңы инвестициялар тартылып, туристтер дагы да көбөйүп, бүгүн 13 миллионго жетти, экономиканын туруктуу өсүшүнө бекем негиз түзүлөт”, - деп белгиледи президент.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы миңдеген темир жолчулардын, инженерлердин, куруучулардын жана адистердин эмгегин белгилеп, аларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул эмгектин жыйынтыктары көп жылдар бою Кыргызстандын элинин бакубатчылыгына жана келечек муундардын өсүп-өнүгүшүнө кызмат кылышын каалады.

Андан соң президент Садыр Жапаров атайын ачкычтын жардамы менен Балыкчы — Кочкор темир жол тилкесиндеги акыркы жол бурамасын бекемдеди. Бул магистралдын аталган бөлүгүнүн курулушунун ийгиликтүү аякташынын символдук белгиси болду.

Мындан кийин жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашуу болду. Алар темир жол Макмалга чейин улантылып, андан ары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан магистралы менен туташтырыларына үмүт артышты. Өз кезегинде Мамлекет башчысы белгиленген бардык пландарды ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги кепилдиги — өлкөдөгү туруктуулук экенин баса белгиледи.