Президент оңдоодон өткөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын имаратына барды

Президент 1297 08 Декабрь 2025 21:18
FB_IMG_1765206962223.jpg
FB_IMG_1765206967458.jpg
FB_IMG_1765206970091.jpg
FB_IMG_1765206972567.jpg
FB_IMG_1765206975047.jpg
FB_IMG_1765206976822.jpg
FB_IMG_1765206978700.jpg
FB_IMG_1765206982454.jpg
FB_IMG_1765206984742.jpg
FB_IMG_1765206987547.jpg
FB_IMG_1765206990109.jpg
FB_IMG_1765206992274.jpg
FB_IMG_1765206994505.jpg
FB_IMG_1765206997008.jpg
FB_IMG_1765206999150.jpg
FB_IMG_1765207002638.jpg
FB_IMG_1765207004533.jpg
FB_IMG_1765207006574.jpg
FB_IMG_1765207008546.jpg
FB_IMG_1765207010617.jpg
FB_IMG_1765207012777.jpg
FB_IMG_1765207017668.jpg
FB_IMG_1765207019703.jpg
FB_IMG_1765207021996.jpg
FB_IMG_1765207025330.jpg
FB_IMG_1765207026627.jpg
FB_IMG_1765207030752.jpg
FB_IMG_1765207032991.jpg
FB_IMG_1765207034548.jpg
FB_IMG_1765207038822.jpg
FB_IMG_1765207039635.jpg
FB_IMG_1765207041977.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1765206962223.jpg
FB_IMG_1765206967458.jpg
FB_IMG_1765206970091.jpg
FB_IMG_1765206972567.jpg
FB_IMG_1765206975047.jpg
FB_IMG_1765206976822.jpg
FB_IMG_1765206978700.jpg
FB_IMG_1765206982454.jpg
FB_IMG_1765206984742.jpg
FB_IMG_1765206987547.jpg
FB_IMG_1765206990109.jpg
FB_IMG_1765206992274.jpg
FB_IMG_1765206994505.jpg
FB_IMG_1765206997008.jpg
FB_IMG_1765206999150.jpg
FB_IMG_1765207002638.jpg
FB_IMG_1765207004533.jpg
FB_IMG_1765207006574.jpg
FB_IMG_1765207008546.jpg
FB_IMG_1765207010617.jpg
FB_IMG_1765207012777.jpg
FB_IMG_1765207017668.jpg
FB_IMG_1765207019703.jpg
FB_IMG_1765207021996.jpg
FB_IMG_1765207025330.jpg
FB_IMG_1765207026627.jpg
FB_IMG_1765207030752.jpg
FB_IMG_1765207032991.jpg
FB_IMG_1765207034548.jpg
FB_IMG_1765207038822.jpg
FB_IMG_1765207039635.jpg
FB_IMG_1765207041977.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын имаратына барды.

Мамлекет башчысына Жаш Гвардия бульвары 57 дарегинде жайгашкан УТРКнын административдик корпусу, ошондой эле ар кайсы жылдары курулган аппараттык-студиялык комплекс жана техникалык жайлар каржылык мүмкүнчүлүктөр чектелгенинен жана тиешелүү деңгээлде кароонун жоктугунан улам канааттандырарлык эмес абалда болуп келгендиги тууралуу маалымат берилди.

Өлкөнүн башкы мамлекеттик телеканалы катары Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын стратегиялык маанисин жана анын туруктуу иштешин камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен президент Садыр Жапаров 2023-жылы УТРКнын инфратүзүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 307 млн сом бөлүү тапшырмасын берген.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында радио борбордун, редакциялык жана көркөм цех корпустары, административдик блоктун жана аппараттык-студиялык комплекстин фасады толук жаңыланган.

Ички бөлмөлөрдө да олуттуу өзгөрүүлөр болду: ашкана кеңейтилди, ал эми он жылдан ашык пайдаланылбай келген эски кинозал заманбап көп функциялуу конференция залына айландырылды. Ошондой эле ардактуу конокторду кабыл алуу үчүн VIP-бөлмө жаңыланган.

Мамлекет башчысы УТРКнын жаңыланган инфратүзүмү менен таанышып, иш бөлмөлөрүн, түз эфир жана үн жаздыруу студияларын, ошондой эле классикалык обондорду жаздыруу үчүн залды көрүп чыгып, анда А. Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин аткаруусундагы чыгарманы укту.

УТРКнын башкы директору Улан Сатиев учурда студияны модернизациялоо жана залдын акустикасын жакшыртуу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле телерадиокорпорациянын кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүндө оңдоо иштерин аягына чыгаруу кажет.

Президент Садыр Жапаров телеберүү жана радиону техникалык модернизациялоонун алкагында жабдууларды мурда каралгандай төрт жылда эмес, бир жыл ичинде сатып алуу маанилүү экенин баса белгилеп, УТРКны реконструкциялоону толук бүтүрүү үчүн зарыл каражаттарды табууну тапшырды. Ал каражаттарды узак мөөнөткө созуп өздөштүрүү техниканын эскиришине алып келип, модернизациянын натыйжалуулугун төмөндөтөрүн белгиледи.

Соңунда мамлекет башчысы чыгармачыл жамаат менен баарлашып, аларды кесиптик майрамы - Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Кызматкерлер өз кезегинде телерадиокорпорацияны өнүктүрүүгө көрсөтүлүп жаткан колдоо жана көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдиришти.