Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Нарын районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда жаш муундун уюлдук телефонго ашыкча алаксып жаткан көйгөйүнө өзгөчө токтолду.
Мамлекет башчысы заманбап технологиялар үй-бүлөлүк баалуулуктарга жана балдардын тилинин кеч чыгышына терс таасирин тийгизип жатканын белгилеп, өзүнүн балалык кезин мисал катары келтирди.
“Биздин бала кезде телефон деген жок болчу. Футбол ойноп, сууга түшчүбүз. Кечинде малды жайгарып, ата-энебиз менен чогуу чай ичип, жомок угуп, макал-лакаптарды айтышып, тарыхты талкуулачубуз. Ошол себептен тилибиз эрте жана так чыккан. Ал эми азыркы заманда үйдө баары телефон карап отурушат. Атүгүл бир үйдүн ичинде отуруп алып, бири-бири менен телефон аркылуу байланышкан учурлар кездешет”, — деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле Садыр Жапаров айрым ата-энелер өздөрү соцтармактарда отуруу үчүн кичинекей балдарына телефон карматып коюп жатканын сынга алды.
“Ата-эне өзү WhatsApp'та жазышып отуруш үчүн, 3 жаштагы баласы тынч отурсун деп мультфильм коюп, колуна телефон берет. Ушундай шартта баланын тили кантип эрте чыксын? Дал ушул себептен улам биз мектептерде окуучуларга телефон колдонууга расмий түрдө тыюу салганбыз. Бала мектепке киргенде телефону атайын кутуга салынып, сабак бүткөндө гана кайтарылып берилет. Үйдө да ата-энелер дал ушундай тартипти киргизиши керек. Керектүү маалыматтарды алышы үчүн күнүнө бир саат эле берип, калган убакта алып коюу зарыл. Эгер азыртадан ушинтип тарбиялабасак, 2-3 жаштагы балдардан тартып, 70ке чыккан аксакалдарга чейин телефон чукулап отурган заман болуп калды”, — деп баса белгиледи президент