Помидордон мол түшүм алуунун эрежелери – дыйкандарга кеңеш

Коом Загрузка... 23 Июнь 2026 15:55
9beb391cc95b6bbe25c196b2c99d8c719b68b18a.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги помидор өстүрүү боюнча сунуштарды берди.

Сапаттуу жана мол түшүм алуу, өндүрүштүн кирешелүүлүгүн жогорулатуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукция өндүрүү үчүн помидорду отургузуу, өстүрүү жана багуу боюнча адистердин сунуштарын так сактоо зарыл.

Төмөндө помидор өстүрүүнүн негизги этаптары жана эрежелери сунушталат.

Көчөт өстүрүү

  • үрөн ачык жерге же күнөсканага отургузууга болжол менен 50-60 күн калганда себилиши керек;
  • дени сак көчөт алуу үчүн күндүз абанын температурасы +22…+25 °C, ал эми түнкүсүн +16 °Cден төмөн болбошу керек;
  • көчөттөрдү туруктуу жерге отургузуудан 7-10 күн мурда аларды сырткы шарттарга акырындык менен көндүрүп, чыңдоо сунушталат.

Отургузуу эрежелери

  • көчөттөр жазгы үшүк коркунучу толук өткөндөн кийин гана жерге көчүрүлөт;
  • отургузуунун оптималдуу схемасы – өсүмдүктөрдүн ортосу 40-50 см, ал эми катарлардын аралыгы 70-90 см болууга тийиш;
  • өсүмдүктөрдүн тамыр алып кетишин жакшыртуу үчүн аларды кечки убакта же булуттуу аба ырайында нымдалган топуракка отургузуу зарыл.

Туура сугаруу

Помидор үзгүлтүксүз, бирок ченемдүү сугарууну талап кылат. Сууну өсүмдүктүн жалбырактарына тийгизбестен, түз эле түбүнө куюу сунушталат. Гүлдөө жана мөмө байлоо мезгилинде өсүмдүктүн нымдуулукка болгон муктаждыгы кыйла жогорулайт. Сууну үнөмдөө жана ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу эң жакшы натыйжа берет.

Жер семирткич менен азыктандыруу

Көчөт отургузулган соң 10-14 күндөн кийин, жашыл массаны көбөйтүү үчүн азоттук жер семирткичтер берилет. Гүлдөө жана мөмө берүү учурунда фосфор-калий жер семирткичтерин колдонуу зарыл. Түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн микроэлементтер менен жалбырак аркылуу азыктандыруу пайдалуу.

Оорулардан жана зыянкечтерден коргоо

Өсүмдүктөрдү оорулардын жана зыянкечтердин белгилери бар-жогун аныктоо үчүн үзгүлтүксүз текшерип туруу маанилүү. Помидорду бир эле жерде бир нече жыл катары менен өстүрүүгө болбойт, айдоо жерлерин алмаштырып туруу керек.

Козу карын ооруларынын алдын алуу үчүн топурактын ашыкча нымдалышына жана көчөттөрдүн өтө жыш жайгашуусуна жол бербөө зарыл. Керек болсо, атайын уруксат берилген коргоо каражаттары нускамасы менен колдонулат.

Түшүм жыйноо

Мөмөлөр бышкан сайын түшүм үзгүлтүксүз жыйналып турушу керек. Бул жаңы мөмөлөрдүн пайда болуусун шарттап, мөмө берүү мезгилин узартат. Алыс аралыкка ташуу (экспорттоо) үчүн помидорлорду толук кызарбай, техникалык бышуу стадиясына келгенде жыйноо сунушталат.