Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү системасын жаңылоонун зарылдыгы бүгүн гана пайда болгон жок. Бул маселе мындан дээрлик жыйырма жыл мурда эле ачык көрүнгөн. Бул тууралуу педагогика илимдеринин кандидаты Муратбек Иманкулов "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан PISA эл аралык изилдөөсүнө биринчи жолу 2006-жылы, андан кийин 2009-жылы катышкан. Эки изилдөөнүн тең жыйынтыгында Кыргызстандын 15 жаштагы окуучулары катышкан өлкөлөрдүн арасында акыркы орунда турган. 2006-жылы окуучулардын орточо көрсөткүчү илимий сабаттуулук боюнча 322, математикалык сабаттуулук боюнча 311, окуу сабаттуулугу боюнча 285 балл болсо, 2009-жылы көрсөткүчтөр бир аз жогорулаганы менен Кыргызстан дагы эле акыркы орунда калган.
"Бул көрсөткүчтөрдү жөн гана "Кыргызстандын окуучулары начар" деген тыянак менен түшүндүрүү туура эмес. Тескерисинче, PISA`нын жыйынтыгы бүтүндөй билим берүү системасынын алдында турган көйгөйлөрдү көрсөттү. OECD өзү да PISA`нын негизги баалуулугу рейтингде эмес, анын маалыматтарын улуттук билим берүү саясатын түзүүдө пайдаланууда экенин белгилейт. 2010-жылы Кыргызстандын билим берүү системасы боюнча жүргүзүлгөн OECD талдоосунда да PISA маалыматтары саясаттык чечимдер менен байланыштырылып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган реформалар үчүн пайдаланылышы керектиги белгиленген.
Бул жерде дагы бир маанилүү жагдай бар. Советтик мектептин салттуу моделинде предметтик билимди өздөштүрүүгө, даяр маалыматты эстеп калууга, эрежелерди жана формулаларды жаттоого чоң басым жасалган. Мындай билимдин өзүнүн мааниси бар. Бирок азыркы дүйнөдө окуучу маалыматты билүү менен гана чектелбестен, аны түшүндүрүп, салыштырып, талдап, жаңы кырдаалда колдоно билиши керек. PISA дал ушул жөндөмдөрдү — окуу, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулукту, татаал маселелерди чечүүнү, сынчыл ой жүгүртүүнү жана билимди реалдуу кырдаалда колдонууну баалайт.
Демек, 2006 жана 2009-жылдардагы жыйынтык Кыргызстан үчүн билим берүүнүн мазмунун, окутуунун методдорун, мугалимдерди даярдоону, окуу китептерин жана баалоо системасын жаңылоого олуттуу белги болушу керек эле. Бирок ошол мезгилдеги PISA натыйжаларын системалуу түрдө талдап, анын негизинде узак мөөнөттүү реформанын туруктуу механизмин түзүүгө көңүл бурулган эмес. Ошентип, бир нече муун алмашкан мезгилде дагы билим берүүнүн сапатына байланышкан айрым системалык көйгөйлөр сакталып калды", -деди ал.
Муратбек Иманкулов Кыргызстан 2025-жылы PISA`га кайра катышканда өлкө дароо алдыңкы орунга чыгат деген максат коюлган эместигин айтат. Тескерисинче, узак тыныгуудан кийин эл аралык салыштырма баалоого кайтып келүүнүн негизги мааниси — билим берүү системасынын азыркы абалын объективдүү өлчөө, анын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо жана 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн шартында кийинки реформалардын багыттарын тактоо болгон. Кыргызстандын Агартуу министрлиги да 2025-жылдагы PISA`ны билим берүү системасынын учурдагы абалын баалоо жана мындан аркы иштердин багыттарын аныктоо үчүн "баштапкы чекит" катары караганын билдирген.
"Бул абдан туура мамиле. Анткени PISA`да бир жолку рейтингден жогорку орунду ээлөө билим берүү системасы дароо өзгөрүп кетти дегенди билдирбейт. Тескерисинче, PISA`нын чыныгы пайдасы — кайсы жерде турганыбызды билүү, эмнени өзгөртүү керектигин аныктоо жана кийинки циклдерде өзгөрүүнү өлчөө.
Муну дүйнөдөгү жогорку натыйжа көрсөткөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы да далилдейт. Сингапур PISAга биринчи жолу 2009-жылы катышкан жана ошол мезгилден кийинки жыйынтыктарында жогорку көрсөткүчтөрүн сактап гана тим болбостон, узак мөөнөттүү туруктуу натыйжа көрсөткөн өлкөлөрдүн бири болуп калды. OECD Сингапурдун 2022-жылдагы көрсөткүчтөрү 2009-жылдагы биринчи катышууга салыштырмалуу үч негизги багыттын баарында жогору болгонун белгилейт. Бирок бул натыйжа бир-эки жылдык аракеттин эмес, мугалимдерди даярдоо, окуу программаларын өркүндөтүү, мектеп башкаруусу, баалоо жана билим берүүгө мамлекеттик инвестициялар сыяктуу көп жылдык саясаттын натыйжасы.
Түштүк Корея PISA`га 2000-жылдан бери үзгүлтүксүз катышып келет. Башкача айтканда, Кореянын бүгүнкү көрсөткүчүн бир гана акыркы PISA менен түшүндүрүүгө болбойт: өлкө чейрек кылымга жакын убакыт бою өзүнүн билим берүү системасын эл аралык салыштыруунун негизинде байкап келүүдө. OECDнин маалыматында Кореянын PISA`га 2000, 2003, 2006, 2009, 2012, 2015, 2018, 2022 жана 2025-жылдары катышканы көрсөтүлгөн. Демек, жогорку көрсөткүч — туруктуу мониторингдин жана ондогон жылдарга созулган системалык саясаттын натыйжасы.
Япониянын тажрыйбасында да ушул мыйзам ченемдүүлүк көрүнөт. Япония PISA`га 2000-жылдан бери катышып келет жана билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү эл аралык салыштырма маалыматтар менен үзгүлтүксүз байкап турат. Эстония да көз карандысыздыкты калыбына келтиргенден кийин билим берүү стандарттарын, мугалимдердин кесиптик даярдыгын, окуу мазмунун жана санариптик билим берүү инфраструктурасын системалуу түрдө жаңыртуу жолун басып өттү. Финляндиянын PISA`дагы жогорку натыйжалары да бир нече жылда жаралган эмес: анын артында мугалимдин кесипкөйлүгүнө, билим берүүнүн сапатына, тең мүмкүнчүлүккө жана окуу маданиятына багытталган узак мөөнөттүү саясат турат.
Кытай боюнча да бир нерсени так белгилөө зарыл: PISAда «Кытай» деген көрсөткүч бардык өлкөнүн билим берүү системасын бирдей чагылдырбайт; айрым циклдерде Кытайдын белгилүү аймактары жана шаардык-административдик субъекттери өзүнчө катышкан. Ошого карабастан, Кытайдын PISA`да катышкан аймактары жогорку натыйжаларды көрсөткөн. 2025-жылдагы маалыматта, мисалы, B-S-J-Z (Кытай) математика боюнча эң жогорку деңгээлдерге жеткен окуучулардын үлүшү боюнча алдыңкы көрсөткүчтөрдүн бирин берген.
Бул мамлекеттердин тажрыйбасынан Кыргызстан үчүн эң маанилүү сабак — PISA`дагы жыйынтык билим берүү системасын реформалоонун акыркы максаты эмес, анын натыйжасын өлчөөчү инструмент экендиги.
PISA 2025 боюнча азыркы маалыматтардын өзү Кыргызстанда окуу материалдарынын жетишсиздиги дагы эле олуттуу фактор экенин көрсөтүп турат: мектеп жетекчилеринин 78%ы материалдык ресурстардын, анын ичинде окуу китептери, IT жана лабораториялык материалдардын жетишсиздиги окутууга кандайдыр бир деңгээлде тоскоол болуп жатканын билдирген.
Демек, бүгүн Кыргызстан алдында турган милдет — PISA`да биринчи орунду алуу эмес, PISA көрсөткөн көйгөйлөрдү чечүү. Бул үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүү жөн гана мектепте дагы бир жыл кошуу эмес, билим берүүнүн философиясын өзгөртүү болушу керек: жаттоодон — түшүнүүгө, даяр жооптон — изденүүгө, маалыматты кайра айтуудан — аны талдоого жана колдонууга, мугалимдин гана түшүндүрүүсүнөн — окуучунун активдүү окуусуна өтүү зарыл.
Сингапур, Түштүк Корея, Япония, Финляндия, Эстония сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасы билим берүүдөгү сапаттуу өзгөрүү ырааттуу саясатты, туруктуу каржылоону, кесипкөй мугалимди, заманбап окуу китебин, жаңы баалоо системасын жана ондогон жылдарга созулган туруктуулукту талап кыларын көрсөтөт.
Ошондуктан Кыргызстан үчүн 2006 жана 2009-жылдардагы PISA — өткөндүн уяттуу көрсөткүчү катары гана эмес, билим берүү системасын жаңылоонун тарыхый сабагы катары каралышы керек. Эгер биз анын жыйынтыктарын туура талдап, 12 жылдык билим берүүнүн реформасы менен байланыштырып, ар бир беш-он жылда өзгөрүүнү кайра өлчөп турсак, анда бүгүнкү PISA көрсөткүчү эртеңки билим берүү саясаты үчүн баалуу инструментке айланат", - деди Муратбек Иманкулов .