БУУ Кыргызстандын 12 жылдык билим берүүгө өтүүсүн колдойт

Билим 22 сентябрь 2026 12:35
814971286_1391745879757320_7586528116975956916_n.jpg
816030270_964014053399106_388080994224170127_n.jpg
817383679_1607006847825851_2912342373374376731_n.jpg
Алдыга
Артка
814971286_1391745879757320_7586528116975956916_n.jpg
816030270_964014053399106_388080994224170127_n.jpg
817383679_1607006847825851_2912342373374376731_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Антье Гравенин Кыргызстандагы төрт жылдык миссиясынын жыйынтыктары чыгарылып, билим берүү тармагындагы мындан аркы кызматташтыктын багыттары талкууланды.

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү системасын трансформациялоо, окуу мазмунун жаңылоо, санариптик чечимдерди киргизүү жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, буллингдин жана зомбулуктун алдын алуу, мектеп психологдору менен социалдык педагогдорду колдоо маселелерине көңүл бурулду.

Антье Граве Кыргызстандагы оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, адамдык капиталды өнүктүрүүгө инвестиция салуунун жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнү ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр Антье Гравеге билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Агартуу министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.