Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводго калдыктарды жеткирүү башталды

Коом 14 ноябрь 2025 16:50
583078807_1298770365632148_1321996364695006800_n.jpg
583001463_1298770675632117_6118956302726501871_n.jpg
583114652_1298770652298786_4818469269019886834_n.jpg
583691176_1298770615632123_2104078181714256264_n.jpg
584293794_1298770552298796_3410857385525906481_n.jpg
583314765_1298770532298798_4844353783435788669_n.jpg
583051385_1298770502298801_417280759564203272_n.jpg
582535909_1298770455632139_6118033667058091002_n.jpg
583434473_1298770428965475_6618592082498886477_n.jpg
583043307_1298770412298810_9184789937078199897_n.jpg
583041492_1298770318965486_7355111678752589728_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү жаңы заводго шаардагы катуу калдыктардын алгачкы пилоттук партиясы жеткирилди.

Мэриядан билдиришкендей, пилоттук иш-чаранын алкагында 17 атайын унаа бир жолку ташууда 126 тонна катуу таштанды жеткирди. Көлөм 1000 тоннага жеткенде, калдыктарды кайра иштетүү процесси башталып, андан кийин электр энергиясын өндүрүү жолго коюлат.

Мэр Айбек Жунушалиев объектти жеке өзү карап чыгып, курулуштун жүрүшү жана ишке киргизүү иштери менен таанышты.

Заводдун курулушу учурда акыркы этапта. Объекттин ачылышы 2025-жылдын 26-декабрында пландаштырылууда.

Долбоор 2023-жылдын ноябрында мэр Айбек Жунушалиев жана Junxin компаниясынын башкы директору Дай Даогуо кол койгон алкактык келишимдин негизинде ишке ашууда. 2024-жылдын 29-мартында курулуш аянтчасына министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусунда мезгил капсуласы салынган.

Инвестициялык долбоор министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-мартындагы №113 токтому менен бекитилген.

Инвестициянын жалпы көлөмү 95 миллион АКШ долларын түзөт.