Песков кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрү боюнча комментарий берди

Коом Загрузка... 27 Ноябрь 2025 16:13
1736847683-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Россиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары - президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ЖККУнун жыйынынын алкагында, Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттардын көйгөйлөрү боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, бул маселе президент Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары маалында талкууланып, Россиянын ички иштер министри тарабынан тиешелүү маалымат берилген.

"Негизги көйгөйлөрдүн бири эмгек мигранттары тарабынан мыйзам талаптарынын толук аткарылбай жатышы. Ошондой эле Россиянын көзөмөл органдарынын ишинде да айрым кемчиликтер бар экендиги. Ошол эле учурда бул маселени эки тарап биргеликте, конструктивдүү жана системдүү негизде чечиши керек", - деди Песков.