Пенсиялык топтомону ипотекага жана дарыланууга эми бир нече жолу колдонсо болот

Коом 15 апрель 2026 16:10
Пенсиялык топтомону ипотекага жана дарыланууга эми бир нече жолу колдонсо болот

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Кыргызстанда пенсиянын топтомо бөлүгүн пайдалануу тартиби жеңилдетилди.

Социалдык фонддон билдиришкендей, эми пенсиялык топтомо каражаттарын ипотекага жана оор ооруларды дарылоого бир нече жолу колдонууга болот.

  • Үлүштүк курулушта каражатты жубайлар да пайдалана алышат (расмий никеде);
  • Шарт: сумма 50 000 сомдон жогору болушу керек;
  • Айрым документтер "Түндүк" аркылуу автоматтык алынат.