
Кытайдын борбору Пекин шаарында 7-ноябрда дүйнөнүн алдыңкы маалымат агенттиктеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин башын бириктирген VII Дүйнөлүк медиасаммити өттү. Эл аралык форумга Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев да катышты.
Саммит "Интеллектуалдык өзгөрүүлөр шартында ЖМКлардын миссиясы жана биргелешкен аракеттер" деген ураандын алдында өттү. Иш-чараны "Синьхуа" маалымат агенттиги жана Пекин шаарынын элдик өкмөтү уюштурду.
Саммитке дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн жана аймагынан 330га жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын, аналитикалык борборлордун, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык уюмдардын 500гө жакын өкүлү катышты.
Саммиттин негизги темасы жасалма интеллект доорунда дүйнөлүк медиа тармагынын келечеги болду. Катышуучулар журналистиканын санариптик трансформациясын, маалыматты даярдоодо жана жайылтууда жаңы технологияларды колдонууну, жалган маалыматтарга каршы күрөшүүнү, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Форумда сөз сүйлөгөн "Синьхуа" маалымат агенттигинин президенти Фу Хуа жасалма интеллекттин тездик менен өнүгүшү жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын, ошол эле учурда маалыматтын ишенимдүүлүгүнө жана аудиториянын ишенимин сактоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

"Синьхуа" тармактын өнүгүшүнө көмөктөшүү, тажрыйба алмашууну жана кызматташтыкты илгерилетүү максатында бардык тараптар менен диалогду чыңдоого даяр", — деди Фу Хуа.
Жасалма интеллектти колдонуу жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү маселелерине Россиянын ТАСС маалымат агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов да токтолду.

Анын айтымында, заманбап технологиялар редакциялардын ишинин натыйжалуулугун кыйла жогорулатууга жөндөмдүү. Бирок ошол эле учурда жалган кабарлардын жайылышына жана маалыматтык манипуляцияларга байланышкан жаңы чакырыктарды жаратууда.
"Жасалма интеллект, албетте, эң сонун курал. Биз аны журналисттик кесипте күнүмдүк кайталануучу иштер калбагыдай кылып колдонушубуз керек", — деди Кондрашов саммиттин алкагында "Синьхуа" агенттигине берген маегинде.
Ошол эле учурда ТАСС агенттигинин жетекчиси маалыматтарды текшерүү механизмдерин өркүндөтүү жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүүдө эл аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле мындай эл аралык жолугушуулар тажрыйба алмашууга жана кесиптик маселелерди чечүүдө бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Саммиттин жүрүшүндө Associated Press, Reuters, Agence France-Presse жана CNN сыяктуу дүйнөлүк медиакомпаниялардын өкүлдөрү да жасалма интеллектти активдүү колдонуу шартында журналистиканын өнүгүү келечегин талкуулашты.

Катышуучулар заманбап технологияларды колдонуу журналисттердин кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу, фактыларды текшерүү механизмдерин өркүндөтүү жана жарыялануучу материалдарга редакциялык көзөмөлдү сактоо менен коштолушу керектигин белгилешти.
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги үчүн мындай эл аралык аянтчаларга катышуу тажрыйба алмашуу, заманбап медиа технологияларды өздөштүрүү жана дүйнөнүн алдыңкы маалымат агенттиктери менен кызматташтыкты кеңейтүү жагынан өзгөчө мааниге ээ.
"Кабар" агенттигинин директору Медербек Шерметалиев белгилегендей, санариптик технологиялардын тездик менен өнүгүшү улуттук жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ошол эле учурда журналистиканын негизги принциптерин сактоо маанилүү бойдон калууда.

"Бүгүнкү күндө дүйнөлүк медиа тармагы олуттуу технологиялык өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүүдө. Жасалма интеллект маалымат агенттиктери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, маалыматтарды иштеп чыгууну тездетүүгө, ыкчамдуулукту жогорулатууга жана аудиторияны кеңейтүүгө шарт түзүүдө. Бирок маалыматтын ишенимдүүлүгү, объективдүүлүк жана окурмандардын ишеними ар дайым журналистиканын башкы принциптери бойдон калууга тийиш. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги үчүн Дүйнөлүк медиа саммитине катышуу — алдыңкы эл аралык агенттиктер менен тажрыйба алмашууга, иш алып баруунун жаңы ыкмаларын үйрөнүүгө жана кесиптик кызматташтыкты бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк", — деди Медербек Шерметалиев.
Форумдун негизги жыйынтыктарынын бири VII Дүйнөлүк медиа саммитинин "Пекин консенсусунун" кабыл алынышы болду. Документ жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү жана жеткиликтүү пайдаланууну илгерилетүү үчүн эл аралык медиа коомчулугунун күч-аракетин бириктирүүнү карайт.

Мындан тышкары, саммитте ЖМКларда жасалма интеллектти колдонуу боюнча стандарттарды биргелешип иштеп чыгууга багытталган глобалдык демилге сунушталды. Ал маалыматтын ишенимдүүлүгүн камсыздоого, маалыматтарды коргоого, журналисттик этиканы сактоого жана жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөөгө багытталган.
Демилгенин алкагында эки жылдын ичинде медиа тармагында жасалма интеллектти колдонуу боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу, ошондой эле жаңы технологияларды практикада пайдалануу тууралуу глобалдык маалымат базасын түзүү пландалууда.

Саммиттин катышуучулары жасалма интеллекттин тездик менен өнүгүшүнө карабастан, журналистикада негизги роль адамга таандык бойдон калууга тийиш экенин баса белгилешти. Ал эми кесиптик жоопкерчилик, тактык жана маалыматтын ишенимдүүлүгү ЖМКлардын ишмердүүлүгүнүн негизин түзүшү зарыл.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк медиа саммити 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал дүйнөнүн алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда диалог жүргүзүүгө, тажрыйба алмашууга жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого багытталган ири эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.