Парламент трибунасы: Элдин үнүбү же депутаттардын жеке аянтчасыбы?

Коом Загрузка... 18 Март 2026 13:40
1096540696_0_169_1620_1080_1920x0_80_0_0_9f39025267f939e53de2293392013bd6.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Жогорку Кеңештин трибунасын депутаттар мамлекеттин орчундуу маселелери үчүн эмес, жеке кызыкчылыктары үчүн колдонуп жаткандыгы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Эл өкүлдөрүнүн баалуу убакытты жеке маселелерине коротуп жатканынан кесиптештери да тажагандай таасир калтырууда. Ал арада Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттардын 10 мүнөттүк убактысын натыйжалуу пайдалануу боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу зарылдыгын белгиледи. “Кабар” улуттук маалымат агенттиги бул ирет дал ушул актуалдуу маселенин айланасында кеп козгойт.

650353280_1241851414794745_866483202663023201_n

Депутат — бул эл ишенип шайлаган жана элдин атынан Жогорку Кеңешке келген инсан. Мындай пикирин “Легендарлуу парламенттин” депутаты Кемел Ашыралиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү өздөрүнүн баалуу убактысын жеке кызыкчылыктарга эмес, коомго, мамлекетке жана элге тиешелүү орчундуу маселелерди чечүүгө жумшоосу зарыл.

NazarNews_124329714679000692312992162501517211.width-800

Кемел Ашыралиев белгилегендей, легендарлуу парламенттин (Кыргыз ССР Жогорку Совети, 1990-1994-жыл) депутаттары ар бир сүйлөгөн сөзүнөн баштап, жүрүм-турумуна, жадакалса кийимдерине чейин кылдаттык менен мамиле кылышчу.

“Депутат деген эл ишенген, элдин добушун алган, элдин үмүтүн аткара турган, элдин атынан Жогорку Кеңешке келген адам. Парламентте айта турган сөздү бир күн мурда даярдачу элек. Кээде даярданбай айта турган маселелер болуп калат. Бирок ошондой болгондо да, ойлонуп айтыш керек эле. Биз да убагында депутат болгонбуз. Сүйлөгөн сөздү, жүрүм-турумга, кийимибизге маани берчүбүз. Жалпы эл карап турганда жеке өзүнүн көйгөйүн айтканда элдин, депутаттардын убактысын алып калат. Депутаттар убактысын өзгөчө коомго, өлкөгө, мамлекетке, элге абдан керектүү маселелерге пайдалануу зарыл”, - деди ал.

Айрым учурларда депутаттарга бир эмес, бир нече жолу микрофон берилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында билдирди.

649018256_1240463338266886_8255461305141433847_n

Депутат Элвира Сурабалдиева кесиптештерин парламенттик трибунаны жеке кызыкчылыктар же арыз-муң айтуу үчүн эмес, калктын көйгөйлөрүн көтөрүү үчүн пайдаланууга чакырды.

“Айрым учурларда бир эле депутатка бир канча жолу микрофон берилип, трибунага чыгарылып жатат. Ар бир эл өкүлүнүн айта турган сөзү көп экени талашсыз. Бирок жеке маселелерди, таарынычтарды же өздөрүнө гана тиешелүү арыз-муңдарды атайын подкасттар, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүү керек. Бул бийик трибунадан биз өзүбүз шайланып келген округдардагы элдин ой-пикирин жана орчундуу маселелерин көтөрүшүбүз абзел. Борбордук трибуна такыр башка, мамлекеттик деңгээлдеги маселелерге арналган. Ал жерге чыгып алып, жеке капачылыктарды айтпаш керек деп эсептейм”, — деди Элвира Сурабалдиева.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев да депутаттарды парламенттин убактысын натыйжалуу пайдаланууга жана мамлекеттин кызыкчылыгына төп келген маселелерди гана талкуулоого чакырды.

649136963_1239045928408627_405321596497775493_n

Төрага эл аралык тажрыйбага таянуу менен, трибунада көтөрүлө турган маселелер алдын ала депутаттык топтордо макулдашылып, төрагалык кылган тарап менен кеңешилиши зарыл деген пикирин билдирди.

“Депутаттык топтордун жетекчилери менен сүйлөштүк. Мындан ары ар бир депутат Жогорку Кеңештин жыйынындагы 10 мүнөттүк убакытты (регламент боюнча "Ар түрдүү маселелер" сааты) өз тобунун жетекчиси менен акылдашкандан кийин гана сурайт. Ал эми эч бир топко кирбеген эл өкүлдөрү убакыт суроого өз алдынча укуктуу. Мен баарыңарды орчундуу реформаларды жана коомдук көйгөйлөрдү гана көтөрүүгө чакырат элем. Тартипти бекемдейли. Мисалы, Лондондо маселе көтөрөрдүн алдында ал сөзсүз түрдө парламенттин кароосуна берилип, төрага карагандан кийин гана күн тартибине коюлат. Эгер колдосоңор, биз да ушундай жаңылыктарды киргизебиз”, — деди Марлен Маматалиев.

Белгилей кетсек, акыркы убактарда Жогорку Кеңештин трибунасынан жеке кызыкчылыкты көздөгөн же мааниси төмөн маселелердин көтөрүлүшү коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда. Мындай көрүнүштөр эл өкүлдөрүнүн этикалык деңгээлине жана кесипкөйлүгүнө карата терс пикирлердин калыптанышына себеп болууда.