Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеке ассистенттер коомдук транспортто бекер жүрүш керек- депутаттар

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Май 2025 16:30
WhatsApp Image 2025-05-26 at 16.36.29 (2).jpeg
copyright icon www

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеке ассистенттерине коомдук транспортто бекер жүрүү маселесин көтөрүштү.

Депутат Эльвира Сурабалдиева депутаттарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ата-энелеринен же камкорчуларынан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын билдирди.

“Бул Бишкек шаарынын мэрине кайрылуу болот деп ойлойм. Майыптыгы бар адамдар үчүн коомдук транспорт бекер. Бирок, алар өз алдынча жүрө алышпайт. Дайыма аларды коштоп жүргөн бирөө керек. Жеке ассистенттер аларды автобус менен жөнөтүп, өздөрү жөө жүрө алышпайт. Аларда бардык документтери, жеке ассистент күбөлүгү бар. Алар дагы коомдук транспортто акысыз жүрүшсө жакшы болмок”, - деп эсептейт эл өкүлү.

Эске салсак, бүгүн комитет “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун кароодо. Демилгечилер — Жогорку Кеңештин депутаттары.