Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстандагы шайлоого байкоо салышты

Саясат 24 Август 2026 12:30
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
image11.jpg
image12.jpg
image13.jpg
image14.jpg
image15.jpg
image16.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
image6.jpg
image7.jpg
image8.jpg
image9.jpg
image10.jpg
image11.jpg
image12.jpg
image13.jpg
image14.jpg
image15.jpg
image16.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Нилуфар Алимжанова, Улан Сариев жана Алтынкүл Мурзакимова Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) эл аралык миссияларынын курамында Казакстандын Курултайынын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүштү.

Парламенттен билдиришкендей, байкоо жүргүзүүнүн алкагында депутаттар шайлоо процессинин катышуучулары менен жолугушууларды өткөрүп, шайлоо алдындагы өнөктүктүн жүрүшү, добуш берүүгө даярдык жана Казакстандын саясий партияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алсак, 21-августта депутат Нилуфар Алимжанова ЖККУ ПАнын миссиясынын курамында Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров менен жолугушту. Тараптар добуш берүүгө даярдык көрүү, шайлоо тилкелерин техникалык жактан жабдуу жана шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Андан соң 22-августта Астана шаарында ЖККУ ПАнын байкоочулары менен Казакстандын Коргоо министрлигинин жетекчилигинин жолугушуусу өттү. Анда негизги темаларынын бири аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселеси болду.

Добуш берүү күнү, 23-августта Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо участокторундагы добуш берүү процессине байкоо жүргүзүүгө катышты. Жыйынтыгында депутаттар жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана калктын шайлоого болгон кызыгуусун белгилешти.

Иш-чараларга КМШ ПАА жана ЖККУ ПА кеңешинин башкы катчысынын орун басары, Жогорку Кеңештин аталган уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев да катышты.