Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги аймактагы кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көзөмөл жүргүзүүдө.
Элчиликтен билдиришкендей, учурда Пакистандын айрым аймактарында нааразылык акциялары өтүп, Афганистан менен чектешкен аймактарда куралдуу кагылышуулар уланууда. Ошондой эле террордук коркунучтардын тобокелдиги жогору бойдон калууда.
Буга байланыштуу элчилик Пакистандагы мекендештерди коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана төмөнкү эрежелерди сактоого чакырат:
- Куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан тилкелерге барбоого жана эл көп топтолгон жерлерден (митинг, акциялар) оолак болууга;
- Коомдук жайларда жогорку деңгээлдеги этияттыкты көрсөтүүгө;
- Өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жаныңызда алып жүрүүнү, ошондой эле паспорттун, визанын жана башка уруксат кагаздарынын мөөнөтүн текшерүүнү;
- Иш берүүчүлөр, окуу жайлары жана Элчилик менен туруктуу байланышта болууну;
- Жашаган дарегиңиз же байланыш номериңиз өзгөргөн учурда, бул тууралуу консулга токтоосуз билдирүүнү өтүнөбүз.
Бардык жарандарды элчиликтин консулдук бөлүмүнө өзүнүн актуалдуу маалыматтарын (аты-жөнү, жашаган шаары, телефон номери) алдын ала жөнөтүп коюуга чакырабыз.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда байланыш телефондору:
📞 Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги (Ыкчам байланыш): +92 333 5556343 +92 333 5209903
📞 Кыргызстан ТИМнин Консулдук департаменти (күнү-түнү): +996 999 312 002 📧 Email: dks@mfa.gov.kg
Элчилик расмий маалымат булактарына гана таянып, такталбаган билдирүүлөрдү таратпоону суранат. Кырдаал көзөмөлдө жана зарылчылыкка жараша кошумча маалымат берилип турат.