Пакистанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү талкууланды

Коом Загрузка... 15 Январь 2026 16:35
f7f1b07b-79bd-30ed-_GEw7nJt.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Кылычбек Султан Пакистандын улуттук мурас жана маданият боюнча федералдык министри Аурангзеб Хан Хичи менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу пикир алмашышты. Айрыкча, Кыргызстандын Пакистандагы Маданият күндөрүн уюштуруунун практикалык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында аталган маданий иш-чараны даярдоо жана өткөрүү процессин координациялоо максатында биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашылды.

Мындан тышкары, тараптар Нооруз майрамын белгилөөнү камтыган биргелешкен маданий иш-чаралардын программасын иштеп чыгуу ниетин билдиришти.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистан элдеринин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө, ошондой эле маданий алмашууну жана өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө эки өлкөнүн ортосунда Маданият күндөрүн өткөрүү маанилүү кадам болорун белгилешти.