Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Ош шаарынын четки аймактарында жаңы тротуар жана скверлер курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Шаар мэри Жанар Акаев Авиашаарчада кичи эс алуу жайын жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу иштерин баштоону тапшырды. Жерине барган калаа башчысы курулуш жүрүүчү аймактарды эски гараждардан, тосмолордон тазалоо, коммуналдык тутумдарды жылдыруу тапшырмасын берди.
Ошондой эле Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Курбаналиев Мамыт (Раис) көчөсүндө узундугу 1 чакырымга жакын жаңы тротуарды куруу иштеринин жүрүшү менен да таанышты.
Негизги максат жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, шаардын четки аймактарынын да инфраструктурасын жакшыртууну
көздөйт.