Оштогу №4 Үй-бүлөлүк медицина борборуна тез жардам унаасы берилди

Аймак 12 Февраль 2026 13:48
11.jpg
2.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
Алдыга
Артка
11.jpg
2.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Ош шаарындагы №4 Үй-бүлөлүк медицина борборуна тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр Жеңишбек Токторбаев Жибек-Жолу аймагынын тургундары менен жолугууда тез жардам унаасынын жетишсиздиги боюнча маселе көтөрүлүп, мэр бул маселени ыкчам тартипте чечүү тапшырмасын берген.