Ошто унаа токтоочу жайда өрт чыкты

Кырсык 7 март 2026 13:41
Ошто унаа токтоочу жайда өрт чыкты

Бишкек, 07.03.26. /Кабар/. Ошто унаа токтоочу жайда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Каратай айылында жайгашкан унаа токтоочу жайда турган оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө түнкү саат 00:33тө жалпы 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 05:10до толук өчүрүлгөн.