Көчөлөрдү кеңейтүү: Ошто көчүрүлгөн тургундар жаңы үйлөрүнө жайгашууда

Аймак Загрузка... 30 Июнь 2026 09:50
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Эне-Сай жаңы конушуна барып, Ош көчөсүн кеңейтүү иштерине байланыштуу үйлөрү бузулуп, компенсация катары жаңы турак жай алган үй-бүлөлөрдүн абалы менен таанышты.

Мэриядан билдиришкендей, шаар башчысы тургундар менен жолугуп, тиешелүү кызматтарга жаңы конуштун инфраструктуралык маселелерин тез арада чечүүнү тапшырды.

Жанарбек Акаев шаарды өнүктүрүүдө жарандардын кызыкчылыгы биринчи орунда турарын баса белгиледи.

"Суук түшкөнгө чейин көчүрүлгөн бир дагы үй-бүлө үйсүз же шартсыз калбашы керек. Бул биздин негизги милдетибиз", — деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Ош көчөсүнөн 6 үй-бүлө Эне-Сай конушуна көчүрүлүп, жаңы үйлөр менен камсыз болду. Жакынкы күндөрү дагы 12 үй-бүлөгө мыйзам чегинде кенемте берилет.