Санитардык рейд: Ошто тазалыкка кайдыгер караган кафелер жабылды

Аймак Загрузка... 14 Июль 2026 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын Курманжан-Датка жана А. Шакиров көчөлөрүндөгү 10го жакын кафе жана тез татым жайлары текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда саннитардык-гигиеналык талаптардын сакталбагандыгы, продукциянын сапатын далилдеген тиешелүү документтердин жоктугу жана айрым жайларда мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүлгөнү аныкталган.

Текшерилген жайлардын иши алардагы кемчиликтер толук жоюлганга чейин убактылуу токтотулду.

Ал эми мыйзамсыз ишмердүүлүк кылган жайлардын материалдары укук коргоо органдарына тапшырылды.

"Айрым тамактануучу жайлардын жетекчилерине тез арада генералдык тазалоо жана дезинфекция иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди",-деп айтылат маалыматта.