Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Ош шаарынын Н. Исанов көчөсүндөгү мурда таштандыга айланган жер парк болот. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бүгүн таңкы рейддин жүрүшүндө мэр Жеңишбек Токторбаев аталган көчөдөгү мурда таштандыга айланып, каралбай калган жайга заманбап сейил бак куруу тапшырмасын берди.
"Жаңы сейил бак курулса жергиликтүү тургундар үчүн бардык шарттар түзүлүп, балдар аянтчалары, жаштар жана улуу муун эс ала турган жайлуу бурчтар пайда болот. Бул аймак шаарыбыздын көркүнө көрк кошуп, таза жана кооз эс алуу мейкиндигине айланат", -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мурда бул жерде жайгашкан эски гараждар жана корук зонага кирген мыйзамсыз имараттар алып салынып, таштандылардан тазаланган эле.