Ошто суу жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Аймак 792 06 Март 2026 16:28
648106591_1430028785262833_3617033987294094971_n.jpg
648127923_1430028771929501_7948100048905064649_n (1).jpg
648161170_1430028765262835_2489789323125464496_n.jpg
Алдыга
Артка
648106591_1430028785262833_3617033987294094971_n.jpg
648127923_1430028771929501_7948100048905064649_n (1).jpg
648161170_1430028765262835_2489789323125464496_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Ошто суу жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Абыш-Сай тилкесинде жайгашкан курулуш объектилери текшерилди.

Анда К.А.К. аттуу жаранга тиешелүү 78 гектар жерге курулган кичи жана капиталдык объектилер Абшыр-Сай дарыясынин суу коргоо зонасына мыйзамсыз жайгаштырылганы аныкталган.

Буга байланыштуу курулуштар демонтаждалууда.

Министрликтен белгилешкендей, суунун жээги табигый экосистеманын өзөгү болгондуктан, аталган аймактарда курулуш иштерине мыйзам чегинде катуу чектөөлөр каралган.

Ошондой эле мекеме суу зоналарын сактоо иштери мындан ары да улантыларын кошумчалады.