Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Ош шаарындагы Ажыбай Саргалчаев көчөсүндө жүргүзүлгөн асфальттоо жана тротуар куруу иштери толук аяктап, пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылыш аземине мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Шаар жетекчилиги шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган иштер мындан ары да улантыларын белгилешти. Жергиликтүү тургундар аткарылган иштер үчүн шаар бийлигине ыраазычылыгын билдиришти.
Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагери Ажыбай Саргалчаевдин урматына тургузулган айкелдин да расмий ачылышы болуп өттү. Иш-чарада Ош шаардык маданият башкармалыгынын алдында түзүлгөн үйлөмө аспаптар оркестри согуш мезгилиндеги ырларды жандуу аткарып, өзгөчө атмосфера тартуулады.
Маалымат үчүн: А.Саргалчаев көчөсү Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагери Ажыбай Саргалчаевдин атына арналып коюлган. Ардагер 1883-жылы Төлөйкөн айылында туулган. Ал согуш жылдары айылдаштарын ачкачылыктан сактап калып, тылда иштеп майданга жардамын жиберип турган.