Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Аксы районунда Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 чакырым жолдун курулушу уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдун 6 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлдү.
"Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Жолго эки катмар асфальт төшөө пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Жол пайдаланууга берилгенде Ала-Бука жана Чаткал райондоруна каттаган оор жүк ташуучу унаалар Кербендин борборуна кирбей өтө алышат.