Жумгалда Түгөл-Сай – Лама –Чоң-Дөбө жолуна асфальт төшөлдү

Аймак 8 октябрь 2026 17:15
Жумгалда Түгөл-Сай – Лама –Чоң-Дөбө жолуна асфальт төшөлдү
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай – Лама – Чоң-Дөбө жолунун 5 чакырымдык тилкесине асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жолдун аталган тилкесиндеги иштерди №24 Жол эксплуатациялык мекемеси жүргүздү.

Жолдун жаңыланышы менен жергиликтүү тургундардын жана айдоочулардын каттамы кыйла жеңилдеп, жол жүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Буга байланыштуу айыл эли президент Садыр Жапаровго жана жолчуларга ыраазычылык билдиришти. Алар буга чейин чаң жол менен каттап келишкенин, эми жаңы жол аркылуу жүрүү бир топ ыңгайлуу болгонун белгилешти.