Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Манас шаарындагы Жалал-Абад – Бек-Абад – Таможня унаа жолунун 11 чакырымына толук асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдары жолдун 5 чакырымы асфальтталса, быйыл калган 6 чакырымы жаңыланды. Анын 3 чакырымы төрт тилкелүү, 3 чакырымы эки тилкелүү болуп, тротуарлар курулуп, жол чийиндери чийилди.
Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, бул жол Бишкек – Ош эл аралык унаа жолуна туташып, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы бажы өткөрмө пунктуна алып барат.