Ошто Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында жоокерлер жатаканасы курулууда

Коом Загрузка... 20 Октябрь 2025 13:00
photo_18.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Ош шаарында Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жоокерлери үчүн жаңы эки кабаттуу имарат курулууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, имаратта аскердик милдеттерин өтөгөндөргө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Анда окуу класстары, жуунучу жай, уктоочу бөлмө каралган.

Мындан тышкары, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында тосмолорду, азык-түлүк кампасын, текшерүү өткөрмө жайларын жаңылоо, имараттардын чатырын жана сыртын оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Жоокерлердин ден соолугун чыңдоо максатында отряддын аймагына спорт аянтчасы да курулат.