Ошто Мамыров көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат

Аймак 27 сентябрь 2026 12:40
Ошто Мамыров көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 27.09.26. /Кабар/. Ош шаарында Мамыров көчөсүн жаңылоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Курманжан датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки узундугу 500 метрден ашык жол тилкеси толугу менен жаңыланууда.

Маалыматка ылайык, жолго асфальттын биринчи катмары төшөлө баштады. Ошондой эле көчөнүн эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, көчөнүн жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланган.

Жолду оңдоо иштерин жакынкы күндөрү аяктап, тилкени пайдаланууга берүү пландалууда.