Бишкек, 30.09.26 /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында жазуучу Абдыкерим Муратовдун романынын негизинде “Мадаминбек. Уламыш” спектакли даярдалууда. Бул тууралуу театрдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спектакль Фергана өрөөнүнүн тарыхындагы талаштуу жана татаал инсандардын бири Мадаминбектин тагдырына арналат.
Чыгармада тарыхый окуялардын чордонунда калган адамдын тагдыры, анын өз доорундагы орду жана элдин эсинде кандайча сакталып калганы баяндалат. Тарыхый фактылар, эскерүүлөр, уламыштар жана көркөм фантазия айкалышып, каармандын образын жаңыча ачууга аракет жасалат.
Спектаклди коюу үчүн казакстандык режиссёр Жанибек Махамбетдияр чакырылган. Жаңы спектаклде тарыхый материалдар шарттуу театр ыкмалары, көркөм фантазия жана талаа вестернинин эстетикасы менен айкалышат.