Кыргыз улуттук драма театры жаңы сезондо кайсы спектаклдерди тартуулайт?

Маданият 8 сентябрь 2026 13:00
Кыргыз улуттук драма театры жаңы сезондо кайсы спектаклдерди тартуулайт?
copyright icon WWW

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы драма театры 100-театрдык сезондун алкагындагы сентябрь айына карата репертуарын сунуштады.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жаңы сезондо көрүүчүлөргө мазмундуу, кызыктуу жана терең мааниге ээ спектаклдер тартууланат. Сахнада коюлган ар бир чыгарма адам тагдырын, турмуштук баалуулуктарды жана коомдогу маанилүү маселелерди чагылдыруу менен көрүүчүлөргө өзгөчө таасир тартуулайт.

Сентябрь айында өтүүчү спектаклдердин бардыгы саат 19:00дө башталат. Билеттин баасы 500 сомду түзөт.

Көрүүчүлөр билеттерди @ticket.kg жана kassir.kg платформалары аркылуу онлайн сатып ала алышат. Ошондой эле кошумча маалымат алуу үчүн театрдын кассасына (0550) 557-255 номери аркылуу кайрылууга болот.

Театр көрүүчүлөрдү спектаклдерге белгиленген убакыттан кечикпей келүүгө чакырат. Спектаклдер өз убагында башталат.