Чүй театры 36-сезонун ачат: Алгачкы күндөрү кайсы спектаклдер коюлат?

Маданият 9 сентябрь 2026 10:55
Чүй театры 36-сезонун ачат: Алгачкы күндөрү кайсы спектаклдер коюлат?
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры 24-сентябрда 36-театрдык сезонун ачат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жаңы сезондун ачылышы 24-сентябрда саат 18:30да өтүп, көрүүчүлөргө “Сексендеги Сейненин 80-дискотекасы” спектакли тартууланат.

Ал эми 25-сентябрда саат 18:30да театрдын сахнасында “Арал” спектакли коюлат.