"Кыйылган өмүр" спектакли: Барпы театры Өзгөндүн айылдарын кыдырат

Маданият 14 октябрь 2026 14:00
"Кыйылган өмүр" спектакли: Барпы театры Өзгөндүн айылдарын кыдырат
copyright icon www

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. 15–16-октябрда Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры Ош облусунун Өзгөн районуна чыгармачылык гастролго барып, "Кыйылган өмүр" спектаклин тартуулайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыйылган өмүр" спектаклинде үй-бүлөлүк баалуулуктар, зордук-зомбулук, миграция, жаштар арасындагы кылмыштуулук жана зыяндуу дары каражаттарынын терс кесепеттери сыяктуу коомдук көйгөйлөр чагылдырылат.

Спектакль төмөнкү маданият үйлөрүндө көрсөтүлөт:

  • 15-октябрь, саат 11:00 жана 14:00 — Мырза-Аке маданият үйү;
  • 16-октябрь, саат 11:00 — Көлдүк маданият үйү;
  • 16-октябрь, саат 14:00 — Большевик маданият үйү;
  • 16-октябрь, саат 16:00 — Кызыл-Тоо маданият үйү.

Спектакль көрүүчүлөрдү аталган маселелердин кесепеттери тууралуу ой жүгүртүүгө чакырат.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0772 27 17 52