Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан “TETRALL” IV эл аралык театр фестивалына катышууда.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, күн мурун театр Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинин негизинде коюлган спектаклин көрүүчүлөргө тартуулады. Чыгарма Астанадагы Жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна ээ болду.
Белгилей кетсек 1-октябрда башталган “TETRALL” эл аралык театр фестивалы 7-октябрга чейин уланат.