Куурчак театры Алматыда фестивалга катышууда

Маданият
88154.jpg
1548666793_large.jpeg
Алдыга
Артка
88154.jpg
1548666793_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Алматыда өтүп жаткан IV эл аралык "Almaty Puppet Festival – 2026" куурчак театрларынын фестивалына Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында театр залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" спектакль-ритуалын көрүүчүлөргө тартуулады.

Анда пластика, музыка, кыймыл жана хореография айкалышып, адам өмүрү, эс-тутум жана муундардын уландысы сыяктуу темалар көркөм чагылдырылат.

Спектаклдин режиссёру — Антон Зайцев, сүрөтчү-коюучусу — Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Асия Курманалина, хореографы — Салтанат Беймишева, композитору — Ярослав Жуков.

IV эл аралык "Almaty Puppet Festival – 2026" фестивалына 11 өлкөдөн 14 театр жамааты катышууда. Фестивалдын программасы 24-октябрга чейин уланат.