Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 55-театрдык сезонун салтанаттуу түрдө ачат. Бул тууралуу театрдан билдиришти.
Жаңы театралдык сезон казак классиги Магжан Жумабаевдин чыгармасынын негизинде коюлган “Күнөө” спектакли менен ачылат.
Спектаклди Казакстандан келген режиссер Баатырбек Шамбетов койгон.
Спектакль 21-сентябрда саат 18:00дө, ал эми 22-сентябрда саат 16:00дө көрсөтүлөт.